Билип туруп билбегендей түр көрсөткөн – бийик киши. Билбей туруп билгендей түр көрсөткөн – оорулуу киши.
(Лао-цзы)
Маалымат өзү билим эмес. Билимдин чыныгы булагы – бул тажрыйба.
(Альберт Эйнштейн)
Билимдин рыцары өзүнүн душмандарын гана сүйө билбестен, өзүнүн досторун жек көрө да билиши керек.
(Фридрих Ницше)
Билимден алдыга кетип, адептен артта калган киши алдыга эмес эле артка кеткен болот.
(Аристотель)
Жаш кезинде билим албаган кишиге төрт такбир айтып койгула, ал өлгөн киши.
(Мухаммад аш-Шафии)
Даанышмандык көп жерде кайгы да көп, билимин көбөйткөн адам кайгысын да көбөйтөт.
(Сулайман падыша)
Билим – XXI кылымдын эң мыкты валютасы.
(Владимир Владимирович Путин)
Өзүнүн билими менен өнөрүн көрсөткөн кишиден этият болуш керек.
(Гиппократ)
Билимсиздиктен эмес, жалган билимден коркуш керек. Баардык жамандык ошондон.
(Лев Николаевич Толстой)
Ачуу менен кумар – айбандык сапаттар, билим менен даанышмандык – адамдын көркү.
(Абу Хамид аль-Газали)
Эң жакшы билим – бирдеке билериң тууралуу эчтеке билбегениң.
(Лао-цзы)
Билим – баардык жамандыктардан коргоочу соот.
(Рудаки)
Чыныгы билим – себептерди билүү.
(Галилео Галилей)
Билимдин эң башкы душманы – бул билимсиздик эмес, өзүн билимдүүмүн деп ойлоо.
(Стивен Уильям Хокинг)
Билимдүү киши эмес, түркөй киши өзүнө көбүрөөк ишенет.
(Чарлз Дарвин)
Кыска жашоодо көп нерсени билиш керек, билимсиз жашоо – жашоо эмес.
(Бальтасар Грасиан)
Билим алыш үчүн окуш керек, даанышман болуш үчүн баамчыл болуш керек.
(Мэрилин вос Савант)
Билим – казына, бирок анын ачкычы тажрыйба.
(Томас Фуллер)
Билим – бул күч, күч – бул билим.
(Фрэнсис Бэкон)
Билим биримдикке, түркөйлүк болсо ажырымга алып барат.
(Рамакришна Парамахамса)
Башың бош болсо, билим көбүрөөк батат.
(Карл Краус)
Жалган билимден көрө түркөйлүк жакшы.
(Никола Буало)
Түркөйлүк – кулчулук, билим – эркиндик.
(Пьер Жан де Беранже)
Билим байлыктан жогору. Байлык жоголот, билим жоголбойт.
(Бауыржан Карасаев)
Билим менен даанышмандыкты чаташтырбаш керек. Билим бизге жан бакканга жардам берсе, даанышмандык жашоого жардам берет.
(Элеонора Рузвельт)
Өлүм жөнүндө өлгөндөр гана эң жакшы айтып бере алышат.
(Лешек Кумор)
Кээ бир кишилердин латын тилин билгени алардын эшек болуусуна эч кандай жолтоо болбойт
(Мигель де Сервантес)
Кээ бир кишилер билим булагынан суу ичишсе, кээ бирөөлөр жөн гана оозун чайкашат.
(Роберт Энтони)
Өзүнүн түркөйлүгүн моюнга алуу – билимге жасалган эң улуу кадам.
(Бенджамин Дизраэли)
Эч ким билимдүү болуп туулбайт. Билимге окуу жолу менен жетишилет.
(Аббас ибн Абд аль-Мутталиб)
Даанышмандык – билим менен сезимди айкалыштыра билүү.
(Иван Антонович Ефремов)
Билим – Кудайга алпарчу жол. Илим аркылуу биз Кудайды табабыз.
(Бауыржан Карасаев)
Билим сабырдуулукту пайда кылат.
(Гайдук Илья Игоревич)
Даярдаган: Мамат Сабыров
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн