Бугу 07, 2025
Убакыт: 03:33
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Өлүмдүн формуласы

16.06.2020 17:18
1102
Өлүмдүн формуласы


Иммунитеттин индекси реанимация бөлүмүндө өлүмгө учуроо тобокелдигин аныктоого, башкача айтканда бейтаптын ахыбалы оорлошконго чейин врачтардын чукул чара көрүүсүнө мүмкүндүк берет.


Кытайдын Сучжоу университетине караштуу Биринчи оорукананын ыкчам терапия бөлүмүнүн медиктери бейтаптардын критикалык абалына жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгын жарыялашты. Анда бейтаптардын абалын аныктоочу жаңы көрсөткүчтөр иштелип чыккандыгы айтылат. Иммунитеттин начарлоосун интерлейкин-6 менен лимфоциттердин катышын салыштырып аныктоого болот.


Сакайып кеткендердин канында лимфоциттердин саны жогору, ал эми интерлейкин-6нын деңгээли төмөн болгон. Бул формула медиктерге ыкчам чараларды көрүүгө жардам берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн