Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өмүрбек Бакировдун мандатынан ажыратылышы: Кайра шайлоо өткөрүлбөйт

30.08.2023 16:27
4027
Өмүрбек Бакировдун мандатынан ажыратылышы: Кайра шайлоо өткөрүлбөйт


Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Мындай чечимди БШК кабыл алды.


Өмүрбек Бакиров соттун чечиминин негизинде мандатынан ажыратылып, анын ордуна парламентте Равшанбек Рысбаев келери такталган. Ал 2021-жылдын ноябрь айында алган добуштарынын саны боюнча Өмүрбек Бакировдон кийин турат.


Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Бакиров добуш сатып алды деп айыпталып жаткандыктан ага берилген добуштар жараксыз деп түшүндүрдү. 


“Атайын Өмүрбек Бакиров үчүн добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасирин тийгизбейт, ошондуктан жыйынтыктарды толугу менен жокко чыгаруунун, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүнүн зарылчылыгы жок”, - деп билдиришти БШКдан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн