Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өмүрбек Суваналиев Ташиевди эмнеге күтүп жатканын айтты

16.02.2021 09:01
1526
Өмүрбек Суваналиев Ташиевди эмнеге күтүп жатканын айтты


Кечээ, 15-февралда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Өмүрбек Суваналиев “Азаттык” үналгысына берген мегинде чек ара маселесин комиссиялардын ишин жандантуу менен тездетүү керектигин айткан. Ошондой эле ал УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди комиссиянын жетекчиси күтүп жатканын билдирген.


Комиссиялардын иши эки тараптуу болуш керек. Ошону чечиш керек. Учурда коронавирус пандемиясы болуп токтоп калды. Ошол иштерди жандандырсакбы деп жатабыз. Азыр Мамлекеттик коопсуздук боюнча комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев комиссиянын жетекчиси болгон. Ал келгенден кийин иштерди жандандыралы деп күтүп жатабыз. Ыйгарым укуктуу өкүлү болгон биз, эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иштешебиз деген үмүттөбүз. Бир четинен өмүр бою иштеген ишибиз мыйзамдын чегинде болгон. Эми облуста да мыйзамдуулук болсо экен деп жатабыз. Тартип, мыйзамдуулукту катуу сактайбыз го. Элге иштеп беребиз, кызмат кылабыз”, - дейт ал. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн