Теке 28, 2025
Убакыт: 16:29
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

"Ата-Бейит" комплексинин кызматкерлеринин маянасы 100 пайыз көтөрүлдү

28.07.2025 09:07
26
"Ата-Бейит" комплексинин кызматкерлеринин маянасы 100 пайыз көтөрүлдү


"Ата-Бейит" улуттук тарыхый комплексинин кызматкерлеринин маянасына 100 пайыз үстөк төлөнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылган. 


Документте чечим 1-июндан тартып күчүнө киргени белгиленген. 


Финансы министрлигине 2025-жылдын жети айына карата кошумча 4 миллион 70 миң сом бөлүү тапшырылды. Мындай каражаттар кийинки жылдары да бюджетте каралуусу керектиги айтылган 


Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине тиешелүү чараларды көрүү, ал эми президенттин администрациясына токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн