Бугу 09, 2024
Убакыт: 11:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

"Барби" тасмасы дүйнөлүк прокатта миллиард доллардан ашык киреше тапты

08.08.2023 12:01
1589
"Барби" тасмасы дүйнөлүк прокатта миллиард доллардан ашык киреше тапты


"Барби" комедиясынын авторлору тасма дүйнөлүк прокатта миллиард доллардан ашык киреше тапканын айтышты, муну серепчилер да тастыкташты.

"Барби" азыр кассада 2023-жылдын эң көп киреше тапкан экинчи тасмасы болууда. The Super Mario Bros ("Бир тууган Супер Мариолор") 1,35 миллиард доллар менен 1-орунда турат. Буга чейин жарыкка чыккан бардык тасмалардын ичинен "Барби" прокаттагы ийгилиги боюнча 45-орунда.

"Барби" режиссёр айым тарткан эң көп киреше тапкан тасма болгону белгиленүүдө. Ага чейин Пэтти Женкинстин 2017-жылы жарыкка чыккан Wonder Woman тасмасы прокатта болжол менен 822 миллион доллар чогулткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн