Кулжа 03, 2024
Убакыт: 18:52
USD
87.60
88.50
EUR
94.70
95.70
RUB
0.965
0.985

"Бишкек башкы архитектура" шаардагы тосмолорду алдырып салууну сунуштады

15.02.2021 17:46
789
"Бишкек башкы архитектура" шаардагы тосмолорду алдырып салууну сунуштады

"Бишкек башкы архитектура" шаардагы тосмолорду алдырып салууну сунуштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди. 


Мекеме билдиргендей, Ак үйдүн тосмосу алынгандан кийин башка мамлекеттик жеке ишканалар да имаратынын тосмосун алып салса жакшы болот. Анткени ал айрым кырсыктарда техникалардын имаратка киришине тоскоолдук кылат. Ошондой шаардын планына туура келбейт. 


"Үйлөрдүн айланасындагы бардык тосмолор, анын ичинде жаңы салынган көп кабаттуу үйлөр, тосмолор жана башка жасалма тосмолор коомдук өтмөк жана квартал ичиндеги жолдордо тосмолорду алууну сунуштайбыз. Шаардын сырткы көрүнүшүнө жана жайгашуусуна терс таасирин тийгизүүдөн тышкары, калктын турак жайга, социалдык, транспорттук жана инженердик инфраструктурага жетүүсүн чектөө менен, мындай тоскоолдуктар атайын техникалардын (өрткө каршы кызматы, тез жардам кызматы, полиция ж.б.)   өзгөчө кырдаалдарда турак жай имараттарына киришине жана шаардын коммуналдык кызматтарынын ишинде кыйынчылыктарды жаратат", -деп билдирди мекемеден.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн