Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Дастан" заводунда лифттер курала баштайт

17.09.2021 11:20
1437
"Дастан" заводунда лифттер курала баштайт

«Дастан» корпорациясы, Бишкек мэриясы жана «Моглиевлифтмаштын» ортосунда кызматташууну өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын Беларустагы элчиси Э.Ибраимов менен ТНК «Дастан» ишканасынын коммерциялык директору Р.Бурангулов Могилев шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Иш-сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы «Могилевлифтмаш» ЖЧКсынын өндүрүшү жана чыгарган продукциялары менен таанышып, аталган ишкананын өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.


Эки тараптуу сүйлөшүүлөр учурунда «Дастан» ишканасынын базасында лифттерди куроо боюнча ишкана ачуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле Беларустун экспортту колдоо каржылык механизмин колдонуу менен Бишкек шаарына лифтерди алып келүү маселелери талкууланды.


Элчи Ибраимов Бишкек шаарынын лифттик чарбачылыгын жаӊыртуу боюнча эки өлкөнүн ортосундагы аткарылып жаткан иштерди кубаттап, ушул багытта кызматташуну улантууну сунуштады.


Өз кезегинде, белорус тарап Бишкек шаарындагы эскирген жана иштен чыгып калган лифттерди алмашытруу программасына катышууга кызыкдар экенин белгилеп, бул багыт боюнча кыргыз тараптын бардык сунуштарын карап чыгып, колдоого даяр экендигин айтты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн