Бугу 10, 2024
Убакыт: 03:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

"Кыргызтелеком" Спартакиадада башкы 2 кубокту жеңип алды

31.05.2023 20:10
282
"Кыргызтелеком" Спартакиадада башкы 2 кубокту жеңип алды


1-июнь күнү Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин түзүлгөнүнө туура 2 жыл болот. Бул күндүн урматына министирликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук бѳлүмдѳрүнүн, ошондой эле, акционердик коомдорунун кызматкерлеринин арасында Спартакиада өткөрүлдү. Бул тууралуу "Кыргызтелекомдун" маалымат кызматы билдирди.

Мелдештин жүрүшүндө, катышуучулар мини-футбол жана волейбол спорт оюндары боюнча ат салышты. Жыйынтыгында «Кыргызтелеком» ААКнун кызматкерлери:

1-орун: айымдар арасында волейбол оюну боюнча грамота жана кубок менен сыйланып, Дарья Последова "Эң мыкты оюнчу" наамын алды;

1-орун: мырзалар арасында мини-футбол оюну боюнча грамота жана кубок менен сыйланып, Руслан Эркинбек уулу "Эң мыкты чабуулчу" наамына ээ болду.
 
Спартакиада КРнын Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулду.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн