Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:09
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

"Крокустагы" терактыга шектүүлөр Украина менен чектешкен аймактан кармалган

23.03.2024 17:16
1148
"Крокустагы" терактыга шектүүлөр Украина менен чектешкен аймактан кармалган


"Крокустагы" кол салууга шектелген төрт киши Украина менен чек арага жакын Брянск облусунда кармалганын Россиянын Тергөө комитетинен кабарлашты.


Буга чейин Россия ФСБ башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге "Крокустагы" теракт боюнча баш-аягы 11 киши кармалганын билдирген эле


"Атайын кызмат жана укук коргоо органдары "Крокус сити холл" концерттик залындагы терактыны жасоого шектелгендердин ичинен төртөөнү Украина менен чек арага жакын Брянск облусунда колго түшүрдү", — деп жазылат маалыматта.


Террорчулар колдонгон курал-жарак алдын ала жашыруун жайда даярдалганын РИА Новости Федералдык коопсуздук кызматына таянып кабарлады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн