Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Тунгуч" театрынын көркөм жетекчиси Садыр Назаров каза болду

27.07.2020 16:03
1063
"Тунгуч" театрынын көркөм жетекчиси Садыр Назаров каза болду


КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, техника илимдеринин кандидаты, профессор Садыр Назаров кечээ, 26-июлда 83 жашында каза болду.


Маркумдун жакындары билдиргендей, ал 8 айдан бери инсульттан улам төшөктө жаткан.


Садыр Назаров 1937-жылы Токтогул районунун Кара-Суу айылында туулган. Көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик политехникалык институтунун окутуучусу, проректору болуп иштеген. 1991-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Бишкектеги “Туңгуч” театрын жетектеп келген.


Садыр Назаров "Тунгуч" театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, актриса Жамал Сейдакматованын өмүрлүк жолдошу болчу.


Маркумдун сөөгү 27-июлда Бишкектин четиндеги Беш-Күңгөй айылына коюлат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн