Жетинин айы 03, 2025
Убакыт: 18:31
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.075
1.110

"Жашыл мурас". Чоң-Кеминде 2 миң түп кайың көчөтү отургузулду

03.11.2025 11:01
23
"Жашыл мурас". Чоң-Кеминде 2 миң түп кайың көчөтү отургузулду


"Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркында көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.


Көчөт отургузуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги менен биргеликте уюштурулду.


Иш-чаранын жүрүшүндө Кичи-Кемин токой бөлүмүнүн аймагына 4 гектар аянтка 2000 кайың көчөтү отургузулду.


Иш-чарага министр Медер Машиев, агенттиктин директору Марс Наспеков жана 200гө жакын кызматкерлер катышты.


Бак отургузуу иш-чарасы 23-октябрь – Эл аралык Ак илбирс күнүнө арналды. Ак илбирс — тоо экосистемаларынын тең салмактуулугунун символу. "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркында учурда 11 илбирс байырлайт.


Министр Машиев белгилегендей, "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн максаты — өлкө аймагындагы жашыл аянттарды кеңейтүү жана келечек муундар үчүн таза экологиялык чөйрө түзүү.


2025-жылы бул өнөктүктүн алкагында республика боюнча 8 млн 300 миңден ашуун көчөт отургузулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн