Өзбекстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 2217 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, өлкөдө илдетти жуктуруп алгандардын саны 2217ге жеткен. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө коронавирустан 1501 адам сакайып, 10 адам каза болгон.
Учурда Өзбекстанда 706 бейтап ооруканада дарыланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн