Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 21:35
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Өзгөчө абал жашооңузга кандай таасир тийгизди? (Сурамжылоо)

27.03.2020 14:36
1105
Өзгөчө абал жашооңузга кандай таасир тийгизди? (Сурамжылоо)


Пандемиянын Кыргызстанда алгачкы учуру каттала баштагандан тартып өлкөдө өзгөчө абал киргизилди. Бул режимге ылайык, калктын социалдык жашоосун зарыл камсыз кылган гана мекемелердин иштөөсүнө уруксат берилип, массалык маданий иш-чаралардын, той-топурлардын өтүүсүнө катуу тыюу салынды. Ошондой эле, адамдардын максатсыз көчөгө чыгуусуна чек коюлуп, катаал чаралар колдонула баштады, муну менен катар бардык жарандардын үйдө болуусун талап кылып жатат.


Ушундай абалдан жакшы майнап издеп, убактыларын пайдалуу өткөрүп жаткандар бар. 3 жумалык өзгөчө абалына чыдабай күн санап, үйдө отуруп ээригип нааразы болгондор да жок эмес.


Мындан улам “Өлкөдөгү өзгөчө абал сиздин жашооңузга кандай таасирин тийгизип жатат?” деген суроо менен айрым коомдук, саясий, маданий ишмерлерге жана журналисттерге кайрылып, пикирлерин угуп көрдүк.


Айбек Дайырбеков, кинорежиссёр, сценарист, продюсер:


- Өзгөчө абал киргенден баштап үйдө отуруп калдык. Февралда “Эрмен жыты” деген жаңы тасмамды тартып баштаган элем, шартка байланыштуу апрелге пландалган съемка иштери жылдырылып атат. Бош убакыттан пайдаланып, фильмдин сценарийине алымча, кошумчаларды киргизип бышырып жатам. Кышында тарткан съемкаларды да бир сыйра карап, чыгармачылык менен алек болуудамын. Учурда алты сценарий бар, кайсынысына идеялар келсе, ошонун үстүндө түзөтүүлөрдү киргизип иштеп атам. Мындан тышкары үйүбүздү оңдоп-түзөө жумуштары менен алек болуудабыз. Жумуш деп артта калып калган үйдөгү иштерди уулум экөөбүз аягына чыгарып дегендей...


Асел Акматалиева, журналист:


- Коронавирус менин жашоомо терс таасирин тийгизип жатат. Анткени ар бир адам изоляцияда болуп калды. Адамдар жалгыз отуруп ар кайсыны ойлонот, ар кандай маалыматтарды алышат, анан психологиялык стресс болушу мүмкүн. Бирок бул чараларга да көнүшүбүз керек, себеби тартипке баш ийбегени үчүн Италия эмне болуп жатканын көрүп турабыз. Адамдар руханий жактан күчтүү болсо психологиялык сыноодон оңой өтөт. Адамдар убакыттын тез өтүшү менен үй-бүлө мүчөлөрүнө, туугандарына аз көңүл буруп калган. Эми үйдө болуп балдарыбыз кандай окуп атат, ата-энем кандай жүрөт деп сүйлөшкөнгө убакыт көбүрөөк табылып калды. Адамдар күчтүүрөк болсо, бул абалды жеңип кетебиз деп ойлойм.


Нурзат Токтосунова, теле алып баруучу, маданияттын мыкты кызматкери:


- Биздин жашообузга келген ар бир сыноону татыктуу көтөрө билүү жана ар бир жагдайдан өзүңө пайда табуу чоң эрдик. Өзгөчө абал бизди сабырдуу болууга, үй жумуштары менен көбүрөөк алек болууга үйрөтүп жатат. Үй-бүлөлүк, жеке туугандык байланыштар бекемделип, ата-эне менен баланын ар дайым чогуу болуусуна мүмкүнчүлүк боло баштады. Бирок албетте, экономикалык жактан алып караганда баарына эле кыйын болуп турат. Мындай абал 1-2 жумада же 1 айда өтөт деп ишенем, мындан да оор күндөр өткөн. Андыктан өкмөттүн тартиптерине баш ийип, үйүбүздө тынч отурганыбыз – коомго кошкон салымыбыз деп эсептейм. Эл-жерибиз кырсыктардан тышкары болсун!


Орозбек Дүйшеев, КРнын Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы:


- Өзгөчө абалдын кириши туура чечим болду. Бүгүнкү күндө коронавирус чоң маселеге айланып кетти, мындай учурда коменданттык саат киргизүү бийликке ишеним алып келет. Документтерди алып үйдө иштеп жатам, бир топ иштерди бүтүрдүм. “Жер үй” боюнча маселе бар, ушул жума ичи карайлы деп жатканбыз, бирок жылып кетти. Неберелер чоңоюп калган, ошого байланыштуу документтерди окуп, текшерип отурам. Биз, кошуна-колоңдор үйдөн чыкпай отурабыз, анткени дүнүйөлүк пандемия болуп атат. Массалык оору күч алып, өлүм житимдер көп болуп атат. Адамдар бири-бири менен жолукканда жугат, 23 күндөн кийин билингенин эске алып үйдөн чыкпай отурабыз. Биздин бийлик убагында туура кадамдарга барды деп ойлоп жатам.


Зинакан Пасаңова, акын-жазуучу, журналист:


- Өзгөчө абал биздин жашообузга өзгөрүү, чектөө киргизди. Коронавирус апаатынын Кыргызстанга келиши, алгачкы оорулардын катталышы менен адамдар эртеңки күнүнөн, балдарынын ден соолугунан чоочулап калышты. Ошондой эле азык-түлүк запастарын камдоодо дүрбөлөңгө түшүп, бири-бири менен топтолуп жүрүүдөн чоочулап атышты. Өзгөчө абал көчөдөгү дүрбөлөңдү басты. Бири-биринен обочолонуп, коопсуздук орноду. Турмушка тийгизген терс таасири да болуп жатат. Мисалы, алдыдагы пландарга, максаттарга, жашоо эрежелерине чектөө коюп койду. Уулум  ишинен акысыз өргүүгө чыкты, финансылык тартыштык жаралып жатат. Үйдө туткундалып эч жакка чыга албай жаткандын өзү да психологиялык кысым болуп саналат экен. Ошентсе дагы абалды түшүнүү менен кабылдоо керек. Себеби, мындай оор кырдаалдан тезирээк чыгып кетүү – бул ар бирибиздин колубузда жана жоопкерчилигибизде. Камалып отурганыма кээде капаланам, бирок чыгармачылык адам болгондон кийин бул багытта да иштеримди улантууга убакыт таап жатам. 


Назира Айтбекова, теле алып баруучу, актриса:




- Өзгөчө абалдын кириши жашоону, эркиндикти, тынчтыкты дагы сүйгөндү, баркын билгенди үйрөттү. Үйгө камалганыбыз болсо,  жөнөкөй нерседен бакыт издегенди, өзүмдү өзүм тааныганды, китеп окуганды, ырахатка сырткы күч жок эле уулуң менен бөлөнүп, өзүң эле жалгыздыкта да бактылуу боло аларыңды үйрөттү.






Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн