Бугу 10, 2025
Убакыт: 00:38
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.030
1.085

Өзгөчө кырдаалдар министрине жаңы орун басар дайындалды

17.01.2022 16:57
895
Өзгөчө кырдаалдар министрине жаңы орун басар дайындалды

Эделбек Кулматов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды, - деп билдирет ведомствонун маалымат кызматы.


Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.


Эделбек Кулматов 1982-жылы 25-августта Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Михайловка айылында туулган.


Билими боюнча юрист.


Иш тажрыйбасы:


2004–2008-жылдары Жалал-Абад шаардык сотунда сот отурумунун катчысы


2008–2018-жылдар аралыгында жеке ишканаларда юрист, адвокат кызматтарын аркалаган


2018–2020-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган


2020–жылы КР президенттик администрациясында эксперт


2020–2022-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясында директордун орун басары кызматында эмгектенген


Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн