Тогуздун айы 23, 2025
Убакыт: 22:31
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.065
1.105

12 жылдык окуудагы соңку өзгөрүүлөр айтылды

03.07.2025 13:05
148
12 жылдык окуудагы соңку өзгөрүүлөр айтылды


Кыргыз билим берүү академиясы 12 жылдык билим берүүдө кайсы класстар секирик жасаарын түшүндүрдү. 


Маалыматта бир окуу жылында бир эле класс секирери айтылган. 


- 2025-2026-окуу жылында бала бакчанын даярдоо топторунда окуган же "Наристе" мектепке даярдоо программасын өздөштүргөн балдар түз эле 2-класска өтүшөт; 


2026-2027-окуу жылында 5-класстар секирип, 7-класска өтүшөт. Бул модель 2029-2030-окуу жылына чейин уланат; 


- 2027-2028-окуу жылынан баштап 2030-2031-окуу жылына чейин 9-класстан 11-класска секирик жасоо пландалууда. 


Жаңы окуу жылынан тартып 5-класстар интеграцияланган программа боюнча окушат, тагыраагы, 5-6-класстын программасынын мазмуну бириктирилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн