Тогуздун айы 23, 2025
Убакыт: 20:48
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.065
1.105

Бишкекте коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясынын иши токтотулду

23.10.2025 15:04
31
Бишкекте коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясынын иши токтотулду


Бишкекте техникалык коопсуздук эрежелерин бузган курулуш компаниясынын иши токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. 


Күн мурун Симферопольский 8 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде техникалык коопсуздук эрежелери сакталбай жаткандыгы боюнча видео кайрылуу келип түшкөн. 


Курулуш объектисин текшерүүдө "Нур имарат курулуш" ЖЧКсы тарабынан көп кабаттуу турак үй салынып жаткан объектиде үчүнчү жактар үчүн коопсуз зона каралган эмес. Ошондой эле эмгек коопсуздугунун талаптары жана КР курулуш ченемдери бузулгандыгы аныкталган.


Натыйжада аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду. Мындан сырткары, акт түзүлүп, протоколдун негизинде айып пул салуу токтому чыгарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн