Тогуздун айы 23, 2025
Убакыт: 21:00
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.065
1.105

Ак илбирске аңчылык кылгандар тууралуу маалымат бергендерге 150 миң сом сый акы берилет

23.10.2025 15:18
33
Ак илбирске аңчылык кылгандар тууралуу маалымат бергендерге 150 миң сом сый акы берилет


Ак илбирске мыйзамсыз аңчылык кылган броконьерлер тууралуу маалымат берген жарандарга 150 миң сом сый акы берилет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.


Анын айтымында, быйыл броконьерлик фактылары азайганына карабастан, министрлик аларга каршы ишти күчөтүлгөн тартипте улантып жатат.


“Эгер кимдир-бирөөнүн мыйзамсыз аңчылык кылып жатканын көрсөңүз же күмөн санасаңыз, дароо Жаратылыш министрлигинин 108 номерине чалып, маалымат бериңиз. Туюк түрдө маалымат берсеңиз да кабыл алынат. Маалыматтын негизинде биз тийиштүү аймакта көзөмөл жана иликтөө иштерин жүргүзөбүз,” - деди ал.


Мамбеталиев белгилегендей, ак илбирс үчүн броконьерге салынган айып пулдун көлөмү 300 миң сомду түзөт. Анын 150 миң сому маалымат берген жаранга сый акы катары ыйгарылат.


“Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 5 млн сом айып пул өндүрүлсө, анын 1 млн сому маалымат берген жарандарга сый акы катары берилген”,- деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн