Бугу 13, 2024
Убакыт: 09:25
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

26-27-майда "Ынтымак-2" сейил багында "Европа жайкы фестивалы 2023" концерти өтөт

10.05.2023 16:07
1559
26-27-майда "Ынтымак-2" сейил багында  "Европа жайкы фестивалы 2023" концерти өтөт

Бүгүн, 10-майда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йосефсон менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жолугушууда министр Европа Биримдиги менен Кыргызстан 1991-жылы өлкө эгемендүүлүк алгандан бери өнөктөш болуп, көптөгөн тармактар боюнча биргеликте кызматташып келе жатканын баса белгиледи.


Ал эми элчи Мэрилин Йосевсон Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирди.


Ошондой эле тараптар 2023-жылдын 2-июнунда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын жана Европа кеңешинин төрагасынын экинчи жолугушуусун талкуулашты.


Андан сырткары, Мэрилин Йосзевсон министр Алтынбек Максутовду ушул жылдын 26-27-май күндөрү Бишкек шаарындагы "Ынтымак-2" сейил багында өтө турган "Европа жайкы фестивалы 2023" концерттик иш-чарага келип катышып берүүгө чакырды.


Аталган фестивалга Европа Биримдигине мүчө бардык мамлекеттердин жана жергиликтүү жеке сектордун өкүлдөрү катышаарын айтты.


Фестивалдын ачылышында Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн уюштуруусунда жергиликтүү ырчылардын катышуусунда ачык асман алдында чоң концерт өтмөкчү.


Мэрилин Йосефсон кийинки фестивалдарды өлкөнүн башка шаарларында да өткөрүүнү кааларын билдирди.


Алтынбек Максутов Евробиримдик Кыргызстанга COVID-19 пандемиясы учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча пикир алышышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн