Бүгүн, 9-июлга караган түнү Бишкектин Койбагаров көчөсүндөгү №1 үйдүн түндүк тарабындагы жылуулук тармагы бузулган.
Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу 3-кичи райондогу №1, 2, 3, 3/2 турак үйлөрүндө ысык суу убактылуу өчүрүлдү.
Учурда оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Саат 17:00гө чейин ысык суу берүү калыбына келтирилет.
Бишкек мэриясы учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн