Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

4 миң адамды иш менен камсыздаган «Аю» ишканасы жабылдыбы?

17.11.2020 16:47
881
4 миң адамды иш менен камсыздаган «Аю» ишканасы жабылдыбы?


2 миңден 4 миңге чейин жумушчуну иш менен камсыз кылган «Аю» ишканасы жабылды деп угуп жатабыз. Мындай пикирин бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков парламентте өткөн жыйында билдирди.


«Угушума караганда, азыр ишкерлерге жардам көрсөтүлбөй, шарттар түзүлбөй жатат. Тескерисинче аларга тоскоолдуктар көбөйүүдө. Билбейм, туурабы же туура эмеспи, «Аю» ишканасы жабылып калды деп угуп жатабыз. Ал жакта 2 миңден 4 миңге чейин жумушчу иштейт. Ишкананын 1 айдан бери иштебей турганын айтып жатышат. Биз канчалаган салыктан кур калып жатабыз. Кандай ойлосуз?», - деди ал.


Бирок тиешелүү органдар бул суроого так жооп берген жок. «Аю» ишканасы менен кызматташып жүргөн бир катар ишкерлер аталган мекемеден товар келбей калагын айтып жатканы да кабарланууда.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн