Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиев 13 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарды.
Соттун маалыматына караганда, ал КР Кылмыш-жаза кодексинин коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелеринде каралган кылмыш берилери боюнча айыпталган.
Ал мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөө укугунан ажыратуу менен 13 жылга эркинен ажыратылды.
Ошондой эле мэриянын эки мурдагы кызматкери 12 жылдан, ал эми подрядчы компаниянын жетекчиси 11 жылдан алды.
Белгилей кетсек, жогорудагы кызматкерлер коррупцияга шектелип, УКМК тарабынан кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн