Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 16:31
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.045
1.075

50 компаниянын катышуусунда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форум өтөт

07.09.2021 13:06
1693
50 компаниянын катышуусунда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форум өтөт


Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 10-жыйынынын алкагында 10-сентябрда «Sheraton Bishkek» отелинде түрк жана ата мекендик компаниялардын катышуусу менен кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.


Аталган иш-чара КР Инвестициялар министрлиги жана Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар кеңеши тарабынан уюштурулууда. Бизнес-форумга түрк тараптан экономиканын түрдүү тармагынан 50 компаниянын катышуусу күтүлүүдө.


Бул иш-чаранын жүрүшүндө ата мекендик компаниялар Түркиянын мүмкүнчүлүктүү бизнес өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан аркы ишкердик кызматташтыкты түзө алышат.


“Иш-чарага катышууну каалаган бардык ата мекендик компаниялар министрликке төмөнкү номер боюнча катталышса болот: 0312 300 232 же WhatsApp 0772 710 333”,- деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мавлуда. Хасанова
Асаламу алейкум. Мен кыргызстанда жашайм кыргыз кыз. 16 жаштамын 2026 жылы турктөр менен иштешүүнү хаалайм. Эгер бар болсо жазыныздар 👉+996 504 20 10 09.Selamün aleyküm benım adım Mavluda Hasanova 16 yaşındayım Kırgızistan'da yaşıyorum Kırgız kız .