Жетинин айы 07, 2025
Убакыт: 23:32
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.075
1.105

Ачкачылык жарыялаган Алмаз Сарыбаевдин ден соолугу начарлап кеткен

21.09.2021 16:36
696
Ачкачылык жарыялаган  Алмаз Сарыбаевдин ден соолугу начарлап кеткен

Бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан Алмаз Сарыбаев ачкачылыкты 6 күндөн бери улантып жатат. Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, учурда анын абалы канааттандырарлык.


"Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбордун кызматкерлери менен болгон сүйлөшүүдө Алмаз Сарыбаев кылмыш ишинин мыйзамсыз козголушуна нааразы болуп, 15-сентябрдан бери ачкачылык жарыялагандыгын билдирди.


Бул тууралуу кармалган адам убактылуу кармоочу жайдын жетекчилигине 17-сентябрда маалымдаган. Бүгүнкү күндө Сарыбаевдин жалпы абалы канааттандырарлык. Анын ден соолугун көзөмөлдөө үчүн убактылуу кармоочу жайга эки ирет "Тез жардам" кызматы чакыртылган", - деп белгилешти улуттук борбордон.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн