Баш оона 05, 2025
Убакыт: 14:42
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Адылбек Касымалиев БУУнун конференциясынын катышуучуларын тосуп алуу аземине катышты

05.08.2025 11:53
23
Адылбек Касымалиев БУУнун конференциясынын катышуучуларын тосуп алуу аземине катышты


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагында, деңизге чыга албаган, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын ачылышына карата катышуучуларды тосуп алуу аземине катышты.


Минкаб башчысын Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердимухамедов тосуп алды.


Мындан соң министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышты.


Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагындагы, 2025-жылдын 5–8-августунда өтүп жаткан БУУнун деңизге чыга албаган, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча Үчүнчү Конференциясына 100дөн ашуун делегация катышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн