Кулжа 06, 2025
Убакыт: 08:28
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.102
1.125

Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушту

04.06.2025 12:13
70
Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушту


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушуу өткөрдү.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын, ошондой эле энергетика, инвестициялык климатты жакшыртуу сыяктуу артыкчылыктуу тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.


Өзгөчө көңүл энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине бурулду. Белгиленгендей, азыркы учурда техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун олуттуу бөлүгү, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору боюнча айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирин баалоону жүргүзүү аяктады.


Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти жана биргелешкен демилгелерди өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн