Баш оона 05, 2025
Убакыт: 19:47
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Адылбек Касымалиев Түркмөнстанда БУУнун конференциясында сөз сүйлөдү

05.08.2025 17:40
9
Адылбек Касымалиев Түркмөнстанда БУУнун конференциясында сөз сүйлөдү


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын ачылышында, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан 32 өлкө тобунун атынан сөз сүйлөдү.


Алгач минкаб башчысы Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган, төрт континентте 570 миллиондон ашык адамды түзгөн 32 өнүгүп келе жаткан өлкөнүн делегация башчыларына жана жалпы катышуучуларга президент Садыр Жапаровдун жылуу саламдарын жолдоду. 


Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өлкөлөр бири биринен алыс болгонуна, маданиятынын, тилинин, социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлинин айырмачылыктарына карабастан,  географиялык обочолонуу, транспорттук жана соодалык жогорку чыгымдар, экономикалык диверсификациянын чектелгендиги, инвестициялардын жана каржылоонун жетишсиздиги сыяктуу окшош көйгөйлөрдү  баштан кечирип жатканын белгиледи.


Минкаб башчысы бул көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн 2001-жылы БУУнун көмөгү менен деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тобу түзүлгөнүн эске салып, Вена жана Алматы иш аракеттер программаларын ишке ашыруунун жүрүшүндө транзиттик кошуналар менен ченемдик жана келишимдик базаны түзүүдө, соода процедураларын жакшыртууда, санариптештирүүнү киргизүүдө олуттуу жылыштар бар экенине токтолуп, бирок коюлган максаттар толук кандуу ишке ашпай калганын моюнга алуу керектигин белгиледи. 


"Эки он жылдыктын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр айкын болду: көрүлгөн аракеттерге карабастан, деңизге чыга албаган өлкөлөр эл аралык экономиканын чет жакасында калууда. Ошол эле учурда, биз бул жерге, Каспий деңизинин жээгиндеги Авазага, биргелешкен ишмердүүлүгүбүздүн жыйынтыгын чыгаруу үчүн гана эмес, ошондой эле туруктуу, өз ара байланышкан жана инклюзивдүү келечекке биргелешкен жолду белгилөө үчүн чогулдук. Буга байланыштуу, 2024–2034-жылдарга карата Аваза иш-аракеттер программасы – бул мурунку каталарды оңдоо, өткөн эки он жылдыктын сабактарын эске алуу жана деңизге чыга албаган өлкөлөргө географиялык чектөөлөрдү жеңүүгө гана эмес, ошондой эле глобалдык өсүштүн толук кандуу катышуучулары болууга мүмкүндүк берүүчү туруктуу өнүгүү планын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү. Жаңы иш-аракеттер программасы бизге стратегиялык, максаттуу жана натыйжага багытталган жол картасын берет", - деди ал.


Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев  деңизге чыга албаган өлкөлөрдү өнүктүрүүдө,  өнөктөштөрдү каржылык колдоо көрсөтүүгө гана эмес, билим берүү, техникалык жардам көрсөтүү жана инвестициялык кепилдиктерди берүүгө чакырды.


Адылбек Касымалиев өз сөзүндө акыркы жылдары Кыргызстан эл аралык маанидеги автомагистралдарды жакшыртуу жана өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүп, ошону менен бирге "аба эркиндигинин" бешинчи даражадагы саясатын киргизгенин жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу Кытайдан Жакынкы Чыгыш, Европа жана Түштүк Азия өлкөлөрүнө эң кыска кургактык жолун ачаарын, мындан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандан Түштүк Азияга таза гидроэнергияны экспорттоого багытталган КАСА-1000 долбоорун  белгиледи.


"Биз үчүн транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны, логистиканы жана инвестициялык чөйрөнү өнүктүрүү жөн гана улуттук приоритет эмес, туруктуу өнүгүүнүн стратегиясынын негизги элементи болуп саналат"-деди ал.


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сөзүн жыйынтыктап жатып бардык өлкөлөргө жалпы баалуулуктар, туруктуу өнүгүү жана гүлдөп-өсүү боюнча жалпы максат аркылуу   "деңизге чыга албаган" статусунан "дүйнө менен байланышкан" статуска өтүүнү каалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн