Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:24
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Акылбек Жапаров Кытайдан 1500 автобус алуу маселесин талкуулады

16.03.2023 09:28
238
Акылбек Жапаров Кытайдан 1500 автобус алуу маселесин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шаньдун провинциясынын Элдик өкмөтүнүн тышкы иштер боюнча Канцеляриясынын жетекчиси Цай Сяньцзин башында турган кытайлык делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.


Ошондой эле, делегациянын курамына «Zhongtong Bus» компаниясынын башкы директору Пэн Фэн жана «Zhongtong Bus Overseas» Marketing компаниясынын башкы директору Чжу Юнху жана башка кытай корпорациялардын өкүлдөрү кирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарапты кызыктырган бардык тармактар боюнча кыргыз-кытай кызматташтыгынын маселелери талкууланды. Тагыраагы, тараптар Бишкек шаарынын мэриясы үчүн Кытай Эл Республикасында чыгарылган 1500 автобус алуу маселесин талкуулашты.


Министрлер кабинетинин башчысы жогорудагы долбоорду ишке ашырууда Бишкек шаарында тейлөө борборлорун ачууга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.


Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын делегациясынын өкүлдөрү айтылган пикирге макулдугун билдирди.


«Кытай Эл Республикасы биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн бири. Биз өз ара сооданы өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдарбыз. Биргелешкен долбоорлор, анын ичинде борбор калаанын тургундарын жана конокторун ыңгайлуу коомдук транспорт менен камсыздоого багытталган долбоорлор биздин кызматташуубузду бекемдейт деп ишенем», - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн