Бүгүн Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына баасы 100 миллион сомдук атайын техника тапшырганын УКМК билдирди.
Маалыматта шаардын көрүнүшүнө жооп берген кызматтарга жол тазалаган, таштанды чыгарган жана суу чачкан 36 даана техника берилгени айтылат.
Ташиев Ысык-Көлдүн астанасындагы Балыкчы шаары негизги туристтик аймактардын бири болгондуктан инфраструктурасын жакшыртуу артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген. Бул максаттарга президенттин фондунан 500 миллион сом бөлүнмөкчү.
УКМК төрагасы техника тапшырылгандан кийин жергиликтүү тургундар менен да баарлашкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн