Жетинин айы 06, 2025
Убакыт: 20:50
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.073
1.100

“Кыргыз почтасы” мектеп окуучулары арасында дил баян жазуу сынагын жарыялайт

06.11.2025 17:49
19
“Кыргыз почтасы” мектеп окуучулары арасында дил баян жазуу сынагын жарыялайт


“Кыргыз почтасы” ААКы 9 жаштан 14 жашка чейинки окуучулар үчүн “Мен кыялданган өлкө. Эмне үчүн дал ошол жакка баргым келет?” деген темада дил баян жазуу сынагын жарыялайт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 


Кат форматындагы дил баянда ар бир катышуучу кайсы өлкөгө баргысы келерин жана эмне үчүн дал ошол жерди тандаганын айтып бериши керек. Бул сынак жаңы жылга карата өткөрүлүп, балдарды почта маданиятына тартуу жана өз кыялы менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөйт.


Сыйлыктар:

  • 1-орун — планшет 
  • 2-орун — уюлдук телефон 
  • 3-орун — уюлдук телефон 

Мындан сырткары, китеп, кулакчын, смарт-сааттар жана башка кызыктуучу белектер берилет.


Каттар “Аяз Атага кат” деген белгилөө менен буйрутма кат катары почта бөлүмдөрү аркылуу тиешелүү аймактык филиалдарга, Ош почтамптына же Бишкек шаардык УЭОСко жөнөтүлүшү керек.


Кат сөзсүз түрдө кол менен, кыргыз же орус тилинде 800 сөздөн ашпаган көлөмдө жазылып, төмөнкү үч бөлүктү камтышы зарыл: 


- Саламдашуу жана дата; 

- Негизги мазмун; 

- Жыйынтык жана кол коюу.


Катта катышуучунун аты-жөнү, дареги, мектеби жана байланыш телефону сөзсүз көрсөтүлүшү керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн