Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:45
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Акылбек Жапаров Японияда өтүп жаткан "Чоң шлем" эл аралык мелдешине катышып жаткан кыргыз спортчулары менен жолугушту

02.12.2022 16:51
343
Акылбек Жапаров Японияда өтүп жаткан "Чоң шлем" эл аралык мелдешине катышып жаткан кыргыз спортчулары менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияда кыргызстандык дзюдочулар менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо федерациясынан билдиришти.


Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы Япониянын Токио шаарындагы “Чоң шлем” эл аралык мелдешке катышууда.


Курама командасынын тизмеси:

60 кг - Темиркул Бердибеков жана Ханболот Ырысбеков;

73 кг - Ратбек Жуманазаров жана Чыңгызжан Сагыналиев;

81 кг - Асад Масабиров;

90 кг - Эрлан Шеров, машыктыруучу Сергей Кладнов.


Эскерте кетсек, учурда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияда жумушчу сапары менен жүрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн