Кулжа 18, 2025
Убакыт: 02:28
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Акылбек Жапаров облус жетекчилерине президенттин келишине даярданууну кеңеш берди

20.07.2023 15:34
662
Акылбек Жапаров облус жетекчилерине президенттин келишине даярданууну кеңеш берди


«Мурда унаа менен эч нерсе көргөн эмеспиз, азыр тик учак менен учуп жатабыз, бардык жерде байкоочу камералар бар, баарын көрөбүз», - деди премьер-министр Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында.


Ал президент Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетовго сөгүш жарыялаганын эске салды.


«Силерге да күтүлбөгөн жерден жай келдиби? Даяр эмессиңер. Айрыкча президент келгенге чейин текшерип, көрүш керек болчу. Байкабайбыз деп үмүт кылбагыла», - деди Акылбек Жапаров.


Ошондой эле ал министрлерге 31-августка чейин облустук башкармалыктардын имараттарынын фасадтарын оңдоону тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн