Бугу 17, 2024
Убакыт: 19:05
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Өзбекстанга барат

30.04.2024 16:25
525
Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Өзбекстанга барат


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 2-3-майында жумушчу сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барат.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 11-жыйынына жана үчүнчү эл аралык Ташкент инвестициялык форумуна катышат.

Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, энергетика жана курулуш тармактарында иш жүргүзгөн эл аралык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү жана курулуш объекттеринин башкы пландары менен таанышары күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн