Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акин Токталиев жаңы дайындала турган муфтийдин резюмесин ким бергенин айтты

17.02.2021 14:30
1190
Акин Токталиев жаңы дайындала турган муфтийдин резюмесин  ким бергенин айтты

Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрагасы Акин Токталиев "Супер.кг" порталына экс-муфтий Максат ажы Токтомушевдин ордуна келе турган жаңы муфтийдин резюмесин ким бергендигин билдирди.


Президент резюмени көргөн эмесмин деп жатат. Арзыбек Бурханов бир резюмени Жапаровго бериптир, бирөөнү Максат Токтомушевди кетириш керек деп мага берген. Бирөөнү өзү алып алыптыр. Бурханов резюме бергенин танган жок. Ал эми президент “Мен резюме алган эмесмин, көргөн эмесмин. Кимге берилгенин билбеймин. Мага демектен муфтийди бөлөк планетадан алып келип коюп алгыла деп айтып жатат”,- деди ал.


Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн