Теке 07, 2025
Убакыт: 20:45
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Аламүдүндө балдардын ден соолугун чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылды

07.07.2025 16:28
22
Аламүдүндө балдардын ден соолугун чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылды


"Красная гвоздика" балдардын ден соолук борбору мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызматтын маалыматына караганда, аталган борбор Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы 5,4 га аянтта жайгашкан.


Буга чейин аталган объект билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзуна таандык болгон. 2017-жылы профсоюздун мурдагы жетекчилиги тарабынан колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин одоно бузуу менен Тоң районунун Тоң айылындагы 73 сотых бош участокко ден соолукту чыңдоо борборун алмаштыруу боюнча мыйзамсыз бүтүм жасалган. Натыйжада мамлекетке 305 млн сом зыян келтирилген, бул өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян катары бааланат.


УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында объект мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул аракет профсоюздук жана мамлекеттик менчикти башкарууда ачык-айкындуулук принциптерин бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат.


"Красная гвоздика" балдардын ден соолугун чыңдоо борбору балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу жана ден соолугун чыңдоо үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул объектти кайтарып берүү анын түздөн — түз багыты боюнча-өлкөнүн өсүп келе жаткан муунунун кызыкчылыгында пайдаланууга мүмкүндүк берет.


УКМК улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында мурда мыйзамсыз чыгарылган объекттерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча системалуу иштерди улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн