Аяк оона 12, 2025
Убакыт: 14:44
USD
87.30
87.80
EUR
102.00
103.00
RUB
1.025
1.050

Албанияда жасалма интеллект министр болуп дайындалды

12.09.2025 11:47
30
Албанияда жасалма интеллект министр болуп дайындалды


Албания дүйнөдө биринчилерден болуп жасалма интеллектти (ЖИ) өкмөт мүчөсү кылып дайындады. Бул тууралуу Gazeta Tema гезитине таянып, Известия жазды.


Маалыматка ылайык, Diella аттуу жасалма интеллект жаңы министр болуп, мамлекеттик сатып алууларга жооп берет. Аны колдоо үчүн атайын бөлүм түзүлүп, ал бөлүм башка мамлекеттик түзүмдөргө да нейротармактарды киргизип, тендерлердин ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыздап турат.


Diella буга чейин өкмөттүн e-Albania порталынын виртуалдык жардамчысы катары колдонулуп келген.


Ошондой эле “Мигрант Сервис” платформасынын директору, кадрларды жалдоо боюнча эксперт Андрей Кладов жасалма интеллект канчалык өнүксө да маанилүү болуп кала турган айрым кесиптерди атады. Алар - куруучулар, чатыр жабуучулар, сантехниктер, электриктер, өрт өчүрүүчүлөр жана оор шартта айдоочулук кылган айдоочулар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн