Жакында “Алыкул Осмонов – кыргыз поэзиясынын чолпону” аттуу Советбек Байгазиевдин адабий изилдөөсү чыкты. Чындыгында аталышына музмуну төп келиптир. Анткени улуу акындын чыгармачылык жолунун өзгөчөлүгүн, кыргыз поэзиясындагы новатор катары жасаган адабий-эстетикалык ачылыштарын ар тараптуу ачып берген. Бул саамалыктар Советбек Орозкановичтин инсандык рухий бай тажрыйбасынан, илимий жана адабий ой жүгүртүүсүнүн тереңдигинен, баяндоонун көркөм, элестүү, таамай тилинен улам келип чыккан ийгилик деп ойлойбуз.
Мектеп практикасында Алыкулду окутуу процессинде так ушундай бийиктикте көркөм талдоо жетишпейт. Алыкул Осмоновду новатор акын катары аныктама бергенибиз менен ошол деңгээлге акын кантип, кандайча жетишти, кыргыз поэзиясында кайсы көркөм ачылыштарды жасады (?) деген суроолор бар. Алыкулдун Эшимкандын терегиндей ары бийик көркөм поэзиясы кандай кыртыштан өнүп чыкканын, доор менен кандайча байланышып, түбөлүктүү темаларга кантип айланганын ушул эмгектен таба алабыз. Окуучулар менен акындын канаттуу чыгармаларын талдоодо окумуштуу төмөнкү учурларына көңүл бурууну сунуштайт:
Биринчиден, Алыкулдун талантынын терең тарыхый тамырларын ачып, биз көнүмүш түрдө белгилеп келгендей, жетим балдар үйүндө тарбияланып, андан кийин билим алып, орус жана дүйнөлүк адабиятты которуп изденгени менен эле чыгармачылыгы чектелбейт. Автор Алыкулдун талантынын өнүгүүсүнө алгач улуу “Манас” эпосу баш болгон оозеки көркөм чыгармачылыктын ажайып дүйнөсү, акындар поэзиясы, ошол 30-40-жылдардын кайра жаралуу энергиясы, Мукай, Жусуп жана Жоомарт менен жакын мамилеси түрткү бергенин ишенимдүү ачып берет. Акындын жеке тагдырындагы трагедиялуу көрүнүштөр да турмушка реалисттик, терең көз карашты калыптандырууга негиз болгонун белгилеп кеткен.
Экинчиден, ушул кыртышта өнүгүп бүчүр байлаган акындын кудуреттүү таланты андан ары дүйнөлүк классикалык чыгармаларды которуунун зор мектебинен өткөндүгүн Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасынын үстүндө иштеген учурларын, котормонун өзгөчө поэтикалык табылгаларын, ыкмаларын талдоо аркылуу алдыбызга тартат. Бир гана орус акындары эмес, дүйнөлүк адабий алптарды которуу менен Алыкул көркөм ой жүгүртүүнүн жогорку деңгээлине чыкканын көрсөткөн. Акын өз алдынча изденүү, эл ичин кыдырып турмуш менен жакындан таанышып, келечектеги адабий каармандарынын реалдуу белгилерин издөө менен такшалганын белгилейт. Алыкул мындай чыгармачылык изденүүнүн жыйынтыгында, адабияттын функциясы партиялык иштин бир бөлүгү гана эмес, адам таануу, руханий-эстетикалык, гуманисттик тарбияны акырындап түшүнүүгө алып келген чыгармачылык татаал процесстен өткөндүгүн ачып берет.
Үчүнчүдөн, “акындын кыргыз поэзиясындагы новаторлугу эмнеде?” деген негизги суроого жеке адамдын жандүйнөсүнөн жалпы адамзатка тийешелүү чындыкты уникалдуу көркөм-эстетикалык системасы аркылуу бере алган бийик талантын ыр саптарын терең адабий – тилдик талдоо мисалдары аркылуу далилдеп бергендиги маанилүү болуп саналат. Акындын махабат, Ата журт лирикаларынын жалындуу көркөм саптары, философиялык ырларынан даанышмандык потенциалы ачылган ырларынын бермет, жакуттарын таап көрсөтүү зарыл экендигин көрсөтө алган. Айрыкча “Адамзат”, “Көзүм өткүр” ырынын мисалында адамдык мыкты сапаттардын белгилүү моделин тартуулаганын ачып көрсөтөт. Бул азыркы жаштарды Алыкулдун поэзиясындагы гуманисттик маңызга сугарып, адамга карата сый-урмат, сүйүүгө тарбиялоодо зор роль ойнойт деп ойлойбуз.
Демек, Советбек Байгазиевдин “Алыкул Осмонов – кыргыз поэзиясынын чолпону” аттуу изилдөөсү Алыкулдун кыргыз поэзиясындагы новаторлугун, зор эстетикалык ачылыштарын ар тараптуу талдап берүү аркылуу окуучуларды сынчыл, креативдүү ой жүгүртүүгө түрткү берет. Ата журтуна, карапайым эмгекчил адамга карата сый мамилеге, дүйнө-өмүрдүн татаалдыгына карабай сүйүп, кулпенде эмес күнпенде болуп жашап өтүүнү даңазалаган баалуу адабий-методикалык эмгек экендигин белгилейбиз.
Курманкан Абдиева, “Брайт” эл аралык мектебинин окутуучусу
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн