Тогуздун айы 16, 2025
Убакыт: 15:53
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.100
1.130

Өлкөдө 40 курулуш компаниясы кара тизмеге киргизилген

16.10.2025 11:48
26
Өлкөдө 40 курулуш компаниясы кара тизмеге киргизилген


Кыргызстанда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгы тарабынан 44 курулуш компаниясы кара тизмеге киргизилген.


Маалыматка ылайык, компаниялар төмөндөгү себептердин негизинде кара тизмеге киргизилди:


  • курулуш-монтаж иштерин аткарууда лицензиялык талаптарды жана курулуш ченемдерин одоно бузуу;
  • берилген лицензиянын шарттарын аткарбоо;
  • мамлекеттик органдардын эскертүүлөрүнө жана көрсөтмөлөрүнө жооп бербөө;
  • курулуш тармагындагы мыйзам бузуу фактыларынын кайталанышы.


Мындай компанияларга эскертүү берилгенден кийин 90 күндүн ичинде кемчиликтерди жоюп, тиешелүү талаптарга жооп берген шартта кара тизмеден чыгарылууга мүмкүнчүлүк берилет. Бирок, белгиленген мөөнөт ичинде талаптар аткарылбаса, компаниянын лицензиясын сот аркылуу жокко чыгаруу процесси жургүзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн