Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алымкадыр Бейшеналиев жакында мамлекеттик дарыканалар ачыларын билдирди

14.09.2023 17:47
469
Алымкадыр Бейшеналиев жакында мамлекеттик дарыканалар ачыларын билдирди


Кыргызстанда мамлекеттик дарыканаларды ачуу пландалууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентте билдирди.


Ал дары каражаттары тармагын тартипке салууну көздөп жатканын белгиледи.


"2021-жылы Ош менен Жалал-Абадда социалдык дарыканаларды ачканбыз. Анда баалар жеке менчиктегилерге салыштырмалуу төмөн болгон. Жеке фармкомпаниялар менен сүйлөшүп, социалдык дарыкана түзгөнбүз. Бирок мен кеткенден кийин токтоп калыптыр. Адистерди чакырып бүгүндөн баштап аны уланталы дедим. Эми жакын арада мамлекеттик дарыканаларды ача баштайбыз", — деди министр.


Ошондой эле ал "Кыргыз фармация" мамлекеттик ишканасы түзүлүп, ал аркылуу алып келинген дарылар ооруканаларга жете баштаганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн