Алматыдагы дүкөндөрдү тоноого кыргызстандыктар да катышкан. Бул тууралуу митингдин катышуучусу, кримтөбөл, «Дикий» лакап аты менен белгилүү Арман Жумагелдиев соцтармактарда билдирди.
Анын айтымында, зергер дүкөндөрдү тоноп жаткан учурда ал өзү бир нече кыргызстандыкты кармаган.
"Биз бир элбиз, ошондуктан бул макулуктарды токтоткула, кыргыздар. Мен кыргыздардын баары ушундай деп айтпайм, бирок араңарда андай адамдар бар. Биз өзүбүз эле бир нече адамды кармадык", - дейт Арман Дикий.
Булак: vb.kg
Пикирлер (3)