Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:17
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Анклавдарды Россиядагыдай референдум менен Кыргызстанга киргизсе болот, - Бакыт Бакетаев

02.04.2021 11:14
1070
Анклавдарды Россиядагыдай референдум менен Кыргызстанга киргизсе болот, - Бакыт Бакетаев


Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара кагаз бетинде 100 пайыз чечилди деген менен, иш жүзүндө али дагы көп "музыкасы" бар, деп билдирди саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде.


Анын айтымында, чечимдер азырынча кагаз бетинде, чек арага зым тартылып, чек арачылар тура баштаганда жана электр мамыларын орнотуп, үйлөрдү кура турган болондо нааразычылыктар туула бериши мүмкүн, али дагы көп музыкасы бар.


“Бирок өзбек элинин Шавхат Мирзиёевге ишеничи чоң, ошол эле маалда кыргыз тараптын дагы президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге ишеним артышат. Бирок бизде демократия. Кытайда Ци Цзинпин чек ара маселесин кандай чечти, бирөө да кың деген жок. Өзбекстанда азыр Горбочевдукундай чоң “перестройка” башталып жатат. Чек арасы толук чечилип калган бир дагы өлкө, бир дагы улут жок. Тарыхты карасак деле, чек боюнча чечимдерге эл ыраазы болбойт. Мурда мындай болчу, андай болчу деп ар кайсы жакка чойсо болот”, - дейт Бакетаев.


Ошондуктан талаштуу жерлерди мамлекеттер 50-50% бөлүп алышы керек. Ошондо чыр болбойт, деген пикирде ал.


“Россия менен Кытай жана Казакстан менен Кытай чек арасын ошондой кадамга баруу менен чечишти. “Сен уттуң же мен уттум” деген болбойт, формулага ылайыктуу чечилгендей болуп, ага баш ийип калат. Теңме-тең чечилбесе эл кайра эле чыга берет. Өзгөчө биздин эл демократиялык принциптерге таянып, ар кандай көз караштарга ишене беришет. Көчмөн эл болгондуктан көчүп-конуп жүрүп, өзүбүз бөлгөнбүз да. Ошондуктан 100 пайыз чечип жиберүү мүмкүн эмес”, - деп айтты эксперт.


- Ал эми анклавдарды болсо Россиядагыдай референдум өткөрүп туруп, Кыргызстанга киргизип коюу керек. “Анткени, анклавдагы тургундардын талаптарын эч качан аткара албайбыз, себеби жол сурайт, дагы башкасын сурашы ыктымал, алардын баарын аткаруу мүмкүн эмес. Бул саясий эле эмес, философиялык маселе. Бирок башка президенттерге караганда, ушул учурда Өзбекстан менен болгон чек ара чечилүүгө жакындап атат, жылыш бар десек болот”, - деп кошумчалады Бакыт Бакетаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн