Аймактык тескөөчүлөргө экономикалык кылмыштарды иликтөө укугун берүү боюнча демилге президенттин жарлыктарына карама-каршы келет. Бул тууралуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нуруйпа Муканова билдирди.
Анын айтымында, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Экономика министри Акылбек Жапаровдун демилгеси президенттин ишкерлерди коргоо жөнүндө мыйзамына каршы келет.
"Акылбек Жапаровдун тапшырмасы президенттин бизнести колдоо жана коргоо боюнча жакында эле кабыл алынган жарлыктарына карама-каршы келип калат. Жумушчу топтор бизнес-коомчулуктун катышуусу жок түзүлүп калган. Эми алардын жумушунун жыйынтыгы ишкерлердин ишмердүүлүгүнө таасир этет. Антикоррупциялык ишкердик кеңеш эгер аймактык тескөөчүлөрдүн укугун кеңейтүү боюнча чечим кабыл алынса, коррупциялык схемаларга ыңгайлуу шарт түзүлөт деп эсептейт", — деди Муканова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн