Бугу 02, 2024
Убакыт: 08:23
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Астанада Жапаров менен Токаев эки өлкөнүн өнөр чеберлеринин концертине барышты

19.04.2024 09:30
139
Астанада Жапаров менен Токаев эки өлкөнүн өнөр чеберлеринин концертине барышты


Кыргызстан менен Казакстандын президенттеии Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев бүгүн ммлекет башчысынын Казакстанга расмий сапарынын алкагында Астана шаарында өткөн эки өлкөнүн искусство чеберлеринин концертине барышты.

Жогорку деңгээлдеги меймандар үчүн концерттик программа тартууланып, анда Кыргызстан менен Казакстандын артисттери "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү окуп, хореографиялык өнөрлөрдү жана башка музыкалык номерлерди аткарышып, өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, казак артисттери кыргыз ырларын аткарып, ал эми кыргыз өнөрпоздору казак музыкалык репертуарын тартуулашты. Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы музыкалык каада-салттар менен алмашуу эки өлкөнүн музыканттарынын аткаруулары аркылуу өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн