Теке 11, 2025
Убакыт: 01:10
USD
87.30
87.80
EUR
102.20
103.20
RUB
1.118
1.135

Атыр Абдрахматова жарандарды онлайн кабыл алат

28.04.2022 09:59
464
Атыр Абдрахматова жарандарды онлайн кабыл алат

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жарандарды онлайн форматында да кабыл алат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, акыйкатчы үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде алгачкылардан болуп Чүй облусунун тургундарын саат 10:00дөн 17:00гө чейин онлайн кабыл алат.


Кошумча маалымат алуу үчүн 0312-66-32-80, 0312-62-15-90, 0312-62-15-95 жана 0500-88-83-83 (WhatsApp) номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот.


Акыйкатчы институтунан кошумчалашкандай, Атыр Абдрахматова ар айдын акыркы жумасынын жума күнүндө жарандарды онлайн кабыл алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн