Аяк оона 23, 2025
Убакыт: 14:40
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.040
1.075

Азизбек Турсунбаев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

23.09.2025 12:52
313
Азизбек Турсунбаев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады


Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев жалпы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.


Төмөндө эл өкүлүнүн куттуктоо сөзү:


“Урматтуу мекендештер!


Кадырлуу замандаштар!


Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!


Ата-бабаларыбыздын акыл-насаатын, рухий мурасын сактап келген кыргыз тилибизге мамлекеттик тил макамы берилгенине быйыл 36 жыл толуп отурат. Бул — ар бир кыргызстандык үчүн сыймыктуу жана маанилүү дата. Тил — улуттун жаны, жүрөгү, руханий байлыгы. Ошондуктан бул күн — тарыхый мааниге ээ.


Сүйүнүчтүүсү, акыркы жылдары расмий иш-кагаздар, мекеме-уюмдардын ишмердүүлүгү мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, мамлекеттик тилдин орду бекемделип келет. Бул — кыргыз тилин даңазалап, муундан муунга өткөрүп берүү аракеттеринин жемиши.


Көздүн карегиндей сактап келген улуу “Манас” эпосу, сөздүн көркүн ачкан төкмө акындардын мурасы – бул мамлекеттик тилибиздин көрөңгөсү. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө, жайылтууга жана урматтоого ар бир жарандын кошкон салымы маанилүү.


Тилибиз өнүгүп-өсө берсин, эл-жерибизде тынчтык, биримдик өкүм сүрсүн! Ар бириңиздерге бакубат турмуш, ийгилик жана бекем ден соолук тилейм!


Майрамыңыздар кут болсун!”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн