Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

БШК аймактарга канча шайлоо бюллетендерин жөнөттү?

25.09.2020 15:01
932
БШК аймактарга канча шайлоо бюллетендерин жөнөттү?


Борбордук шайлоо комиссиясы аймактарга шайлоо бюллетендерин жөнөттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, 24-сентябрда “Учкун” концернинин имаратында даяр болгон шайлоо бюллетендерин кабыл алуу жана аларды Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына тапшыруу актысына кол коюу болуп өттү.


Жалал-Абад облусуна – 643777 бюллетень, Ош облусуна– 682673, Баткен облусуна – 284300, Нарын облусуна – 176203, Ысык-Көл облусуна – 290766, Талас облусуна – 149008, Чүй облусуна – 586669 бюллетень жөнөтүлдү. Бардыгы - 3523532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5928 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалган.


“Учкун” ААКта бюллетендерди басуу процессине туруктуу (күнү-түнү) мониторингди жумушчу топ жургүздү, анын курамында БШК мүчөлөрү, Боршайкомдун маалымат жана уюштуруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери болушту. Коргоону УКМК жана ИИМ кызматкерлери камсыз кылышты. “Учкун” ААКтын басма цехинде жабдуу комплектиси орнотулуп анда басылган бюллетендер тесттен өткөрүлүп турду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн