Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 09:22
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

БУУ ХАМАС-Израиль чатагында канча кызматкери көз жумганын айтты

13.11.2023 09:15
1825
БУУ ХАМАС-Израиль чатагында канча кызматкери көз жумганын айтты


ХАМАС менен Израилдин ортосундагы мамленин чыңалуусунан улам Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 101 кызматкери көз жумду. Бул туурасында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш CNN телеканалына маек берип жатып айтканын РИА Новости жазды.


“Биз бүгүнкү күндөгү маалыматтарга таянсак, 101 кызматкерибизди жоготтук”, — деген Гуттереш.


Башкы катчы учурда БУУнун каза тапкан кызматкерлеринин саны өсүп жаткандыктан алар коопсуздукта деп эсептебей тургандыгын билдирген.


Израиль менен Палестинанын мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кеткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн