Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бакыт Нурдинов Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жооп берди

11.02.2021 22:29
5391
Бакыт Нурдинов Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жооп берди

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов «Азаттыкка» комментарий берип, президент Садыр Жапаровдун муфтияттагы акчага байланыштуу билдирүүсүнө ойлорун айтты.


Ал ажылыкка чогултулган 18 миллиондой доллар акчанын 2,5 миллион доллары зыяратчыларга кайтарылып берилгенин, 10-11 миллиондой доллар муфтияттын «РСК-Банктагы» эсебинде турганын маалымдады. Нурдинов мамлекет башчынын «мунун бир бөлүгү шайлоого иштетилип кеткен» деген сөзүнө мындайча түшүндүрмө берди:


«Садыр Нургожоевич финансист эмес да, анын адистери азырынча толук тактай электе ошентип маалымат берип жатат. 155 миллион сом чыгарылып, алты айдан кийин кайра кирген. Ошол акча шайлоого жумшалган деп айтып жатпайбы, менин андан кабарым жок. Аны биз тактай албайбыз. Бир гана нерсе - акча былтыр август айында келишим менен чыкканын билебиз, бирок, декабрда кайра муфтияттын эсебине кайтарылган. Бул жөнүндө Аалымдар кеңешине да маалымат берилген. Президентте толук маалымат жок окшойт, аны териштирүү иштерин толук бүтө элекпиз».


Президент Садыр Жапаров 11-февралда Коомдук телерадиоберүү корпорациясына берген интервьюсунда мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевдин кармалышына байланыштуу пикирин билдирип, буга ажылык сапарга барчулардан чогулган акча «чачырап кеткени» жана кайра кайтарылбаганы себеп деген оюн билдирген.


Булак: Азаттык үналгысы

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Тайлаев Рустам
7.5 миллион кайтарылды деди, жакшылап уксаңар журналисттер! 18 миллиондун 7.5 кайтарылып, 11 миллиондун айланасындагы акча банкта турат деди.
Али
Бул бакыт деген сартбы Кыргыздар Муфтиятта иштесе болбойбу
Нургазы
Кыргызчаны жакшылап үйрөнүп алып анан жазсаң. Сенин акың жок сарт кыргыз деп бөлгөнгө. Сен үйрөн эне тилин,жазганды.
Зи
менимче сиз тексизсиз воопще
Али
Таксыр болунбонуз