Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Баку шаарында өтө турган дүйнө кубогуна катыша турган балбандардын тизмеси жарыяланды

24.10.2022 10:58
684
Баку шаарында өтө турган дүйнө кубогуна катыша турган балбандардын тизмеси жарыяланды

Азербайжандын борбору  Баку шаарында дүйнө кубогуна бара турган грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмеси аныкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.


Мелдеш 3-7-ноябрь күндөрү Баку шаарында болмокчу.

Мелдешке өлкө атынан 10 спортчу катышмакчы. Балбандардын тизмеси:

Улан Муратбек уулу — 55 кг;

Абдуллаев Нурмухаммед — 60 кг;

Калы Сулайманов — 63 кг;

Халмурат Ибрагимов — 67 кг;

Адилхан Нурланбеков — 72 кг;

Акылбек Талантбеков — 77 кг;

Калидин Асыкеев — 82 кг;

Азат Салидинов — 87 кг;

Үзүр Жусупбеков — 97 кг;

Эрлан Манатбеков — 130 кг.

Спортчуларды улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков, башкы машыктыруучулар Азат Эркимбаев жана Арсен Эралиев, дарыгер Данияр Мурсалиев коштоп барат.

Белгилей кетсек, дүйнө кубогуна Эл аралык күрөш уюмунун рейтинги боюнча алдыңкы бештикке кирген мамлекеттердин балбандары катышат. Бул рейтинг Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен бекитилген.


Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан А тайпасына туш келди, бул жакта Иран менен Түркия бар. Ал эми В тайпасына Азербайжан жана Сербия түштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн