Жетинин айы 10, 2025
Убакыт: 02:56
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.080
1.110

Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталган жаран Грузиядан экстрадицияланды

24.09.2025 14:23
175
Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталган жаран Грузиядан экстрадицияланды

Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жаран Грузиядан экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте координацияланган иш-аракеттердин натыйжасында жаран А.Ж.М. Грузиядан кармалып, Кыргызстанга алып келинди. 


Белгиленгендей, экстрадиция учурдагы эл аралык келишимдердин негизинде жана Грузиянын ыйгарым укуктуу органдары менен натыйжалуу кызматташуунун алкагында ишке ашырылды.


10 жылдан ашык эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, анын ичинде баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, күнөөсүз адамдарды кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу максатында далилдерди бурмалоо жана башка баңгизаттар менен байланышкан кылмыштар боюнча айыпталууда.


Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында эл аралык келишимдердин алкагында издөөдө жүргөн адамдарды экстрадициялоо боюнча активдүү иштер улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн